• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ийне жалбырактуу бактар отургузула баштады

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы ийне жалбырактуу бактардын көчөттөрүн отургузууну баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 17-январь күнү аталган ишкананын кызматкерлери крым кызыл карагайларын отургузушкан.

Эмен багында 30 көчөт, цирктин тегерегинде Абдрахманов, Фрунзе, Жумабек, Шопоков көчөлөрүнүн тилкесинде 42 көчөт отургузулган. Ошондой эле крым карагайынын 34 көчөтү Ибраимов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тигилген.

Отургузулган көчөттөрдүн тамыры жабык, 6-7 жылдык жана алардын көбүнүн бою эки метрге жетет.

Крым карагайы ийне жалбырактуу бактардын арасында газга туруктуу экендиги белгилүү. Ошондой эле ал ысык жана кургак аба ырайына чыдамдуу келет.

Ошондуктан ал шаар ичине отургузууга ыңгайлуу деп эсептелет. Бишкекте ийне жалбырактуу бактарды тигүү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий