• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте илимди уюштуруу системасын реформалоо талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Улуттук илимдер академиясы көбүнесе фундаменталдык жана прикладдык илимди өнүктүрүүнүн инновациялык жолун тандайт. Мындай пикирди КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев бүгүн, 23-мартта өткөрүлгөн, “Кыргыз Республикасындагы илимди уюштуруу системасын реформалоо” аталышындагы кереге кеңеште билдирди.

“Илимди уюштуруу системасынын реформасын ишке ашырууну улантуу үчүн Улуттук илимдер академиясы көбүнчөсү фундаменталдык жана прикладдык илимди өнүктүрүүнүн инновациялык жолун тандайт, структураны оптимизациялоо тармагында реалдуу кадамдарга, Кыргыз Республикасынын 2018-2040—жж. Туруктуу өнүгүүсүнүн “Таза коом – Жаңы доор” жана “Жаңы доорго – Кырк Кадам”, 7-кадам: Из калтырчу илим” Стратегиясында коюлган илимди, билимди жана ИИМдин инновациялык өнүгүүсү боюнча долбоорлорду түзүүгө аракет кылат” – деди академик.

КР УИА басма сөз кызматы билдиргендей, кереге кеңешти өткөрүүнүн максаты - өлкөнү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүгө керектелүүчү билим алууну жана берүүнү камсыз кылуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жана илимий-инновациялык системадагы тең салмактуулукка жетүү үчүн илим системасындагы реформа маселесин кароо болду. Ошондой эле илимди уюштуруу системасын калыптандыруу жана Кыргызстандагы илимий ишмердүүлүктүн баркын көтөрүү темасы талкууга алынды. Катышуучулар жогоруда белгиленген маселелер боюнча доклад окуп, өз ойлорун ортого салуу менен жарыш сөзгө чыгышты.

Аталган иш-чараны КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти уюштуруп, ага КР ЖКнын депутаттары К.Жумалиев жана А.Самигулина, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев, КР УИАнын президенти, академик М.Жуматаев, КММАнын профессору Р.Атамбаева, КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы Б.Тыналиева, КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Эсеналиев, “Clarivate Analytics” компаниясынын мамлекеттик сектордогу ишкердикти өнүктүрүү боюнча директору С.Христолюбов, К.Карасаев атындагы БГУнун, Ж.Баласагын атындагы КМУнун, И.Раззаков атындагы КТУнун жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлору катышты.

Пикир

Оставить комментарий