• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында имараттардын фасаддарында көрнөктөрдү жана жарнамалык жазууларды жасалгалоонун бирдиктүү стили бекитилген.

Учурда Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү № 105/1, 105/2 жана 105/3 үйдүн фасадынын архитектуралык көрүнүшүн калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча иштер башталды.

Иш үч этапта жүргүзүлөт:

- жаракаларды, бетон сыныктарын алуу;
- атайын топурак аралашмасы менен жарака, сыныктарды бүтөө;
- эки сыйра сырдоо.

Аталган жумуштарды «SANANGEL» өндүрүш компаниясы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий