• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте инаугурацияга даярдык көрүү учурунда айрым көчөлөр жабылат

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-январында өтүүчү президенттин инаугурациясына даярдануу иш-чаралары өткөрүлдү. Ага байланыштуу Бишкек шаарынын айрым борбордук көчөлөрү убактылуу жабылып, унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаар тургундары жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана республиканын башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар жол тыгындарын эске алуу жана кечигүүнү болтурбоо үчүн, маршруттарыңызды алдын ала пландаштырып, айланып өткөн альтернативдүү жолдорду тандоого же коомдук транспорттор менен жүрүүнү пландоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий