Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда, Бишкектеги №49 орто мектебинин 3 "К" классынын окуучусу 9 жаштагы Нурмухамед Жумабеков Ардак грамотасы менен сыйланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуучу 24-сентябрда күйүп жаткан үйдөн 7, 5 жана 3 жаштагы инилерин алып чыгып, өмүрүн сактап калган.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 24-сентябрында саат 13:44төр чамасында Бишкектин Биринчи май районунун Месароша көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн кесепетинен 90 чарчы метр жери күйүп кеткен.
Пикир
Оставить комментарий