• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте инклюзивдик билим берүү борборунун тарбиялануучусу сабалган

Коом 0


Бишкек, 04.01.23 /Кабар/. Бишкектеги жеке менчик билим берүү борборунун тарбиялануучусу сабалды. Бул тууралуу социалдык тармактарга жарыяланган видеодон улам белгилүү болду.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бала Бишкектеги жеке бакчалардын биринде сабалган.

“Аталган факт РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя борбор калаанын 5-кичирайонунда жайгашкан инклюзивдик билим берүү борборунда болгондугу аныкталды. 8 жаштагы М.Н. аттуу сабалган бала аталган борборго 2022-жылдын августунан тарта бара баштаган”, - деп кошумчалашты райондук милициядан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий