• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте инспектор окуучуларды куткарам деп жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери окуучуларды куткарып жатып жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 08:00дө болгон.

“Биздин кызматкер Чүй проспектиси жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде окуучуларга жолду кесип өтүүгө жардам берип жаткан. Ал келе жаткан жүк ташуучу унааны байкап, эки баланы куткарып калуу үчүн өзүн тоскон. Катуу соккудан улам кызматкер бутунан жаракат алып, ооруканага жаткырылды”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Учурда айдоочу кармалып, унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий