• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата “Интеллектуалдык менчик жана жаштар: инновациялар келечек үчүн” аталышында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып, КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев, Конрад Аденауэр атындагы фонддун Кыргызстандагы долбоорлорунун координатору Алексей Курохтиндер куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, бир катар мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана интеллектуалдык менчик жаатында эмгектенген адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен даярдалган интеллектуалдык менчикти коргоо, товардык белгилер, автордук укуктарды каттоо жана инновациялык ишмердикти өнүктүрүү боюнча видеороликтердин бет ачары өткөрүлдү.

Салтанаттуу түрдө Интеллектуалдык менчтиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалдары менен төмөнкүлөр сыйланышты:

- Өлкөнүн экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкондугу, ойлоп табуучулук ишмердиктеги жетишкендиги үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча техника илимдеринин кандидаты Касымбеков Рыскул Асангулович. Анын маанилүү ойлоп табуусу – коомчулукта өзгөчө талапка ээ болгон, заманбап өндүрүштө колдонулган тамчылатып сугаруу технологиясы.

- Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон зор салымы, чыгармачылыктагы барандуу жетишкендиктери үчүн “Чыгармачылык үчүн” номинациясы менен, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, фольклорчу-этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевич.

Кыргызпатенттин бир топ кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылып, Кыргызпатенттин жогорку класстын окуучулары арасында “Ойлоп табуу” жана “Видеоролик” номинациялары боюнча өткөрүлгөн “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий