• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте интернет аркылуу баңгизат саткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Бишкекте интернет аркылуу баңгизат саткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө баңгизаттарды онлайн сатуу менен алектенген Бишкектин 37 жаштагы тургуну кармалды. Ал баңгизаттарды сатууда товардын аталышы, салмагы жана баасы тууралуу маалыматты онлайн интернет-дүкөнү аркылуу ишке ашырып келген.

Колго түшкөн жаран баңги каражаттарды, алардын таңгактарын мыйзамсыз атайын жабдууларда, жашыруун жайларда, таштанды контейнерлеринде жана урналарда сактап, ошондой эле акча каражаттарынын келип түшүүсүн көзөмөлдөгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө жана тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жарандын жашаган жеринен гроубокс, кара куурайды үй шартында өстүрүү үчүн жабдык, өзгөчө кендир жыты бар өсүмдүк заты, бульбулятор, бир нече майдалагыч (баңги каражаттарды майдалоо үчүн) табылган.

Мындан тышкары, компьютер, планшет, ноутбук, кымбат баалуу уюлдук телефондор, рация жана башка буюмдар алынган.

Аныкталган маалыматтарга ылайык, А.С. аттуу жаран мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жаңы аккаунттарды түзүп келген. Акча каражаттар электрондук капчык жана банк карталарга түшүп турган. Сатуу-алуу иштери интернет аркылуу гана жүргүзүлгөн.

Баңгизаттарга каршы күрөшүүчүлөр Бишкек шаарынын аймагынан 10 жашыруун жай, даяр товарлар менен табышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-химиялык, программалык-техникалык, техникалык-криминалистикалык экспертизалар өткөрүлүүдө.

Аталган кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий