• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте iPhone 7 телефонун уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Бишкекте iPhone 7 үлгүсүндөгү телефонун уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда саат 21:30дар чамасында Тоголок Молдо жана М. Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран милиция кызматкерлерине “жардам берип коюңуздар” деп жүгүрүп келген.

“17 жаштагы Д.Ж. аттуу жарандын iPhone 7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар күч колдонуп тоноп, андан ары качып кеткендигин кабарлаган”, - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 18 жаштагы Р.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткиришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий