• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Ирандын кино күндөрү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Бишкекте Иран кинолорунун күндөрү өтүп, көрүүчүлөргө ирандык тасмалар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Иш-чаранын ачылышы кечээ, 6-февралда Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп өттү. Анда эки тасма көрсөтүлдү.

Алардын бири "Дем" ("Дыхание") - режиссер Наргес Абьярдын тасмасы. Ал эми экинчи - "Айым балык" ("Русалка") тасмасын Амир Масуд Агабабайян тарткан.

Аталган тасмалар бүгүн жана эртең Кыргызстандын Эл аралык университетинде жана Новопавловкадагы Ч. Айтматов атындагы №1 мектеп-лицейинде көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Иран киносунун күндөрү Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 40 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий