• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте Ирандын тасмалары көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Бишкекте Иран кинолорунун күндөрү өтүп, көрүүчүлөргө ирандык тасмалар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Иран киносунун күндөрү Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 40 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын ачылышы 6-февралда Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө болот. Анда 2 тасма көрсөтүлөт.

Ошондой эле 7-8-февраль күндөрү тасмаларды Кыргызстандын Эл аралык университетинде жана Новопавловкадагы Ч. Айтматов атындагы №1 мектепте көрсөтүү планданган.

Пикир

Оставить комментарий