• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы шаар аймактарын ирээтке келтирүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардык базарларда, көчөлөрдө жана аянттарда тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы учурда “Орто-Сай” жана “Ала-Тоо” аянтында рейддерди жүргүзүүдө.

“Орто-Сай” базарында жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында уруксаты жок жеңил орнотулган объекттер түрттүрүлгөн.

“Ала-Тоо” аянтында мыйзамсыз ишмердүүлүк кылган 4 велосипед, тир алынып, уруксатсыз жүргүзүлгөн соодага бөгөт коюлган.

Пикир

Оставить комментарий