• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ири эл аралык энергетикалык форум өттү

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкектеги №1 мамлекеттик резиденцияда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясынын колдоосунда ири эл аралык энергетикалык форум өттү.

Аталган ассоциациядан билдиришкендей, форум энергиянын кайра жаралуучу булактары, инновациялык өнүгүүлөр жана өзгөчө экономикалык шарттарда санариптик трансформация темасына арналды. Иш-чарага Энергетика министрлигинин, ири энергетикалык компаниялардын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин университеттеринин жана долбоорлорунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада бир катар маселелер талкууланды. Анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетикалык баланстарында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү, өзгөчө экономикалык шарттарда гендердик маселелерди эске алуу менен санариптик трансформация жана энергетика тармагындагы кадрдык ресурстарды эске алуу менен энергетикалык системаларды өнүктүрүүдө аялдардын катышуусу.

Форумдун уюштуруучулары мындай иш-чаралардын энергетика тармагында тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле аймактагы тармактын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү үчүн маанилүү экенин белгилешти.

“Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунда эркектер менен аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында гендердик тең салмактуулуктун маанилүүлүгүн эске алуусу керек деп эсептейбиз. Биз мындан ары да бул багытта иш алып барабыз жана энергетика тармагындагы аялдардын ролун күчөтүүгө салым кошкон демилгелерди колдойбуз”, - деди Энергетикадагы аялдар ассоциациясынын президенти Алтынай Абдыкеримова.

Форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Кыргызстан) жана Даукеев атындагы Алматы энергетика жана байланыш университети (Казакстан) ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Ага ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда энергетика тармагында окуган студенттер менен адистер квалификациясын жогорулатуу менен тажрыйба алмашат.

Пикир

Оставить комментарий