• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ири ишкердик субъекттилерге санитардык талаптар иштелип чыкты - вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарындагы ири ишкердик субъекттилерге санитардык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 5-июнда №6 буйрукка ылайык, шаардагы ири ишкердик субъекттер, соода жана эс алуу борборлору, базарлар үчүн (иш-аракеттеринин түрүнө карабастан) санитардык талаптар күчөтүлдү, тактап айтканда төмөндөгүлөр белгиленди:

- иш баштоо алдында күн сайын “кирүү фильтрин” уюштуруу;

- күн сайын (смена сайын) аймакты жана коомдук пайдалануу жерлерди периметри боюнча вирулициялоочу дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо жүргүзүү;

- жума сайын бардык аймакты хлордон турган каражаттар менен дезинфекциялоо;

- ишкердик субъекттин бардык кире беришине келүүчүлөрдүн денесинин температурасын ченөө жүргүзүү үчүн жооптуу адамды аныктоо;

- медициналык пункттарды жана (же) минимум бир медициналык кызматкерди уюштуруу;

- “118” байланыш маалыматтары жөнүндө өзүн-өзү диагностикалык линиясынын маалыматтык банерлерин, ошондой эле коронавирустук инфекцияны (COVID-19) алдын-алуу боюнча маалыматтарды жайгаштыруу;

- коронавирустук инфекцияны (COVID-19) алдын-алуу боюнча чаралар жөнүндө келүүчүлөр арасында үн күчөткүчтөрдү, рупорлорду, радиорубокторду жана башкаларды колдонуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн колкап, беткап кийүү режимин киргизүү;

- кызматкерлер менен келүүчүлөрдүн ортосунда байланышты чектөө менен аралыктын сакталышын камсыздоо;

- оору белгисинин (жөтөл, жогорку температура, алсыздык, баш оору ж.б.) бардыгы же жоктугу жөнүндө кызматкерлерге күн сайын суроо (анкета толтуруу) жүргүзүү;

- дене температурасы жогору же инфекциялык оору белгиси бар адамдарды иш ордунда болуудан милдеттүү түрдө четтетүү.

Алымкулов төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилгенин кошумчалап кетти. Алар:

- санитардык-көзөмөл бекеттеринин курамында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын өкүлдөрү, Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүктөрү, Ички иштер министрлигинин атайын дайындалган полкунун өкүлдөрү менен алмаштырылды;

- санитардык-көзөмөл бекеттер кайрадан жайгаштырылды, 4 бекет жоюлду.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кире беришинде 12 санитардык-көзөмөл бекети орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий