• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды, жеринде 3 бөлүм иштеп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 08.03.23. /Кабар/. Бишкектеги Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган жайдын 1-кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү кичи цех жайгашкан. Тилсиз жоо имараттын чатыры жана экинчи кабаттагы цехти каптап, болжол менен 200 чарчы метр аянты өрттөнгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган."Өрт саат 17:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө", - деп айтылат маалымата.

Пикир

Оставить комментарий