• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ири шахмат тактасы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Ата-Түрк атындагы паркта Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен ири көчө шахматтары орнотулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, шахматтар Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан жаш муунду интеллектуалдык өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында орнотулду. Фигуралар жыгачтан жасалып, түрдүү оюлар аркылуу кыргыз элинин улуттук колоритине басым жасалган. Ар бир фигуранын бийиктиги 70 сантиметрден 1 метрге чейин, шахмат тактасынын көлөмү 5х5 метр.

Ачылыш аземинде кесипкөйлөр гана эмес, сүйүүчүлөрдөн да турган 10 команда үчүн турнир өткөрүлдү. Ошондой эле, шахмат боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону жана КРнын көп жолку чемпиону Семетей Төлөгөн Тегин устаттык саат өттү.

Алдыда ар кандай мелдештерди жана оюндарды өткөрүү максатында шахмат матрицалары менен орундуктарды орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий