• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ирригациялык тармактар оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Бишкекте ирригациялык тармактар оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, шаардык жашоочулары жана коноктору көп жылдардан бери жазгы жамгырлуу учурда ыңгайсыздыктарды баштан кечирип келишүүдө. Негизги себеп суугаруу тармагынын бузулуулары жана сууларды кабыл алуунун жоктугу.

Атап айтканда, Курманжан Датка көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолуна чейин жана Жибек Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин.

Аталган көйгөйдү чечүү үчүн 2016-жылы Свердлов райондук муниципалдык администрациясы тарабынан “Бишкекбашархитектура” МИге жогоруда айтылган көчөлөрдүн тилкесин капиталдык оңдоонун долбооруна буйрутма берилген. Бүгүнкү күндө негизги иштер дээрлик бүтүп калды. Учурда көпүрө өтмөктөрдө тазалоо жана гидротехникалык курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Иштерди үстүбүздөгү жылы май айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий