• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ишкана-мекемелердин санитардык талаптарды аткарышын текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бишкекте ишкана-мекемелердин санитардык талаптарды аткарышын текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Алымкулов, өкмөттүн 11-майдагы чечимине ылайык, "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө иретинде санитардык-эпидемиологиялык талаптар" боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер бекитилгенин айтып, анда каралган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Өкмөттүн бул чечимине ылайык, менчик түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар бул эрежелерди так аткарууга милдеттүү. Райондук администрациялар, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, ички иштер башкармалыгы биргеликте жогоруда аталган эрежелердин уюмдар тарабынан сакталышын текшерүү боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат. Ал иш-чараларды жүргүзүү үчүн 20 көчмө топ түзүлгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий