• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ишкер балдардын жармаңкеси болду

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бишкекте балдардын ишкерликке жетишүүсү программасынын алкагында балдар жармаңкеси болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Иш-чарага келечекте бизнестин ар кайсы жаатында ишкерлик кылууга умтулган мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар катышты.

Идеянын автору жана уюштуруучу Тилек Токтогазиевдин айтымында, иш-чаранын максаты – балдардын жаш кезинен чыгармачылыгын, коммуникативдүүлүгүн жана мамилелешүүсүн өнүктүрүү болуп саналат.

Балдар жармаңкеде өздөрү жасаган буюмдарын жана таттуу тамактарын көрсөтүштү.

Программа 16 жашка чейинкилерге ылайыкталган. Эң кичинекей катышуучу 3 жашта болду.

Пикир

Оставить комментарий