• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ишкер оңдоо жайын жарнамалоо максатында телефондорду бакка кадаган

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бишкектик ишкер бакка кагылган телефондор үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер уюлдук телефон оңдоо жайын жарнамалоо үчүн чөнтөк телефондорду бакка кадап койгон.

“Жеке ишкер Т.Гребневага карата КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 120-беренеси боюнча жашыл аянттарга келтирилген зыян үчүн 3 миң сомго протокол түзүлгөн. Ишкер оңдоо жайын жарнамалоо максатында уюлдук телефондорду бакка кадаган”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытканы үчүн жаран Э.Телешуевге, Фиеста Трейд (Рыскулова-Чымкентская көчөлөрүнүн кесилиши) жана Бурана Гранд (Токомбаев көчөсү 23/3) компанияларына айып пул салынды.

Мындай мыйзам бузуу КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренеси боюнча 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул төлөөгө алып келет.

Ошондой эле, таштанды калдыктарын таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн Байтик Баатыр көчөсү №98 дарегинде жайгашкан "Фреш" кафесине, шаар тургундары Н.Аккулаков, Т.Тажибаевге айып салынды Айып пулдун көлөмү жеке адамдар үчүн 5 миң 500 сомду, юридикалык жактар үчүн 17 миң сомду түзөт.

“Урматтуу шаардыктар! Шаардын тазалыгын сактоону суранабыз. Санитардык нормалардын жана эрежелердин бузулгандыгына күбө болсоңуздар, Санитардык-экологиялык инспекциясына 0705564756 номери аркылуу кайрылыңыздар”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий