• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте ишкерди уурдап, 160 миң доллар опузалаган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Бишкекте ишкерди уурдап, андан 160 миң АКШ долларын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, былтыр 25тен 30 жашка чейинки УКТнын мүчөсү болгон жети адам күч колдонуу менен ишкерди унаага отургузуп, Ала-Арча капчыгайына алып барып, акча берүүсүн талап кылышкан.

“Кылмышкерлер ишкерди койо бербестен андан 160 миң доллар талап кылышкан. Алар ишкердин туугандарына чалып, бир нече сааттын ичинде акчаны таап келүүсүн талап кылып, аткарбаса өлтүрөөрүн айтып коркутушкандыгы аныкталган”, - деп берилет маалыматта.

Аталган иш боюнча 2017-жылдын сентябрь айында кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү деп беш жаран кармалган.

Кылмышка тиешеси бар дагы бир жаран ИИМде УКТ мүчөсү катары каттоодо тургандыгына байланыштуу, анын иши өзүнчө бөлүнүп каралган. 2018-жылы ага издөө салынган.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында издөөгө салынган жаран 1983-жылы туулган А.А. аттуу Чүй облусунун тургуну экендиги жана учурда Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашынып жүргөндүгү маалым болгон.

Бул издөөгө салынган адам Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган жаран шаардык убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий