• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ишкерлер менен бизнес жолугушуу өтөт

Экономика 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бишкекте ишкерлер менен бизнес жолугушуу өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйын 5-апрелде саат 10:00дө Ленин районунун акимчилигинде уюштурулат.

Жыйын жеңилдетилген насыялоо, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кепилдик берүү жана башка маселелер менен таанышууга арналат.

Иш-чарага Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги Бишкек мэриясынын райондук муниципалдык администрациялары менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий