• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Экономика 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарында ишкерлерди колдоо максатында Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, борбордун расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышышты.

ИТБда Бишкек шаарындагы ишкерлер тез жана толук кандуу кеп-кеңештерди жана кызматтарды алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Тейлөө борборунда Салык кызматы менен биргеликте 9 мамлекеттик орган: Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргызпатент, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Баалуу металлдар департаменти, Тышкы миграция департаменти, “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик ишканасы, Тышкы соода борбору жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы,«Айыл Банк», «Керемет Банк», «РСК Банк» сыяктуу мамлекеттик уюмдар ишкерлерге кызмат көрсөтөт.

Бул жерде ишкерлер консультациялардын ар кандай түрлөрүн жана мамлекеттик жана башка кызматтардын бир нече тобун алуу мүмкүнчүлүгү бар. Атап айтканда:

– юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо, ишин токтотуу;

– салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, эсептөөлөрдү жана декларацияларды берүү;

– салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алууга, банктык эсепти ачууга;

– лицензияларды жана уруксаттарды алуу;

– укукту, укук белгилөөчү документтерди, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөрдү, ведомстволук базаларды алуу;

– ишкердикти ачуу жана жүргүзүү, продукцияны экспорттоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;

– финансы-кредиттик кызматтар, камсыздандыруу маселелери боюнча камсыздандыруу уюмдары, насыялоо, лизинг операциялары жана Кепилдик фонддун консультациялары.

Ошондой эле, шаарда каалаган ишкер телефон аркылуу Борбор менен байланышып, консультациялык колдоо ала алат.

Кызмат көрсөтүүдөн тышкары, бизнес жолугушууларды же окутуучу семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү үчүн натыйжалуу пайдалануу үчүн толугу менен жабдылган жана 40 орунга ылайыкталган конференц-залдан пайдалана алышат

Борбордун ачылышы менен Бишкек шаары салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткаруусу болжолдонууда. Бишкек шаарында 71,3 миң кичи жана орто бизнес субъекттери иштейт, анын ичинен 13,3 миңи юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр, 58 миңи жеке ишкерлер.

Мындай борборлорду республиканын бардык аймактарында ачуу аландалууда.

Пикир

Оставить комментарий