• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте ишкерлик маселелери талкууланды

Коом 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. Свердлов райондук администрациясынын жыйын залында “Бишкек шаарынын Свердлов районунун ишкерлигин колдоо” темасындагы тегерек үстөл өттү.

Мындай кеңири иш чара аталган мекеме тарабынан биринчи жолу уюштурулуп жатканын шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Тегерек үстөлдүн максаты ишкерлердин маселелерин талкуулоо, аларды чечүү, ар кандай шарттардагы ишкерликти колдоо болу саналат.

Свердлов райондук администрация башчысы Самарбек Болотбековрайондун социалдык-экономикалык жашоосундагы ишкерликтин өзгөчө ордун белгилеп өттү.

Тегерек үстөлгө мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, коммерциялык банктардын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, КР Соода-өнөр жай палатасынын, “ЖИА” Ассоцициясынын жана 40тан ашуун өнөр жай ишканаларынын, бизнес тармагынын өкүлдөрү катышты.

Алар ишкерлерди кызыктырган – ири өнөр жай ишканаларын, чакан жана орто бизнести колдоо, атайын акциялар жана мамлекеттик программалар, насыя алуу шарттары тууралуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий