• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Бишкек мэриясында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды.

Жыйындын катышуучуларына чарба субъекттерге муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана жер тилкелерин берүү бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү маселесин карап чыгуу, ошондой эле инженердик инфраструктура маселелерин чечүүдө өнөр жай ишканаларына жардам көрсөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жооптуу аткаруучуларга экономиканын байкалбаган секторунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү, инвестициялык долбоорлордун, анын ичинде жеке ишканалардын маалымат базасын түзүү тапшырылды.

Ошондой эле Мирланбек Байгончоков өнөр жай ишканалары менен жолугушуулардын графиктери шаардын ар бир административдик райондорунда бекитилиши керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий