• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

Дүйнө 0


Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда коомдук, саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, башкы прокурор Курманбек Зулушев, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана бир катар коомдук ишмерлер катышууда.

Андан тышкары, Бишкекке Москвада жашаган Исхак Раззаковдун небереси - Берке Раззаков келген.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында атайын шоу-программа даярдалган.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Хоросан Бокса айылында, азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтердун үй-бүлөсүндө туулган. 8 жашында жетим калып, Ходжентте балдар үйүндө тарбияланган. 1925-29-жж. Өзбек агартуу институтунда (Ташкент) окуп, кийин мында коом таануудан окутуучу болуп иштеген. Андан соң 1931-36-жылдары Москва пландык институтунда окуйт.

1950-жылдан 1961-жылга чейин – ал Кыргыз Компартиясынын БК биринчи катчысы болгон.

И.Раззаков 16 жылдан ашуун эң жогорку жана жооптуу кызматтарда иштеп, экономика жана маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Пикир

Оставить комментарий