• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. 25 – октябрда белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү. Бул даталуу күнгө карата “Ала-Арча” көрүстөнүндө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жакындары жана бир катар уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эскерилип, куран окулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына маданият министри Нуржигит Кадырбеков катышып, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин жалпы кыргызстандыктар үчүн жасап кеткен иштерине токтолуп, жетекчи катары үлгү боло турган сапаттарын белгилеп, жалпы келген катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Хоросан Бокса айылында, азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтердун үй-бүлөсүндө туулган. 8 жашында жетим калып, Ходжентте балдар үйүндө тарбияланган. 1925-29-жж. Өзбек агартуу институтунда (Ташкент) окуп, кийин мында коом таануудан окутуучу болуп иштеген. Андан соң 1931-36-жж. Москва пландык институтунда окуйт.

1950-жылдан 1961-жылга чейин – ал Кыргыз Компартиясынын БК биринчи катчысы болгон.

И.Раззаков 16 жылдан ашуун эң жогорку жана жооптуу кызматтарда иштеп, экономика жана маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Пикир

Оставить комментарий