• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясы өтүп жатат - фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясынын ачылыш аземи өткөрүлүп, Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Эл аралык конференцияда Борбор Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсе башчысы Пьер фон Аркс, Кыргызстандагы Пакистандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кази-Хабиб-Ур-Рахман, Афганистан Ислам Республикасынын вакф жана ислам иштери боюнча министри Фаиз Османи, Абу Дабинин аткаруу кеңешинин мүчөсү (Өкмөт), Абу Дабинин билим берүү департаментинин төрагасы Али Рашид Аль-Нуами, Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абулхасан Абдурахим, Азербайжан Республикасынын Диний уюмдар менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Саявуш Гейдаров, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери жана каада-салттарды тартиптөө боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Караматулло Олимзода, Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин жалпы жарандык бирдейлик жана улут аралык экстремизмге каршы түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги Альхазами Аб дулгамид Булатов, Дүйнөлүк Ислам Лигасынын өкүлү Абдулрахман Алхазами сөз сүйлөштү.

Конференция өз ишин пленардык отурумдар форматында улантты. Конференцияда Азиядан, Африкадан, Европадан жана Америкадан келген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун радикализмди жана экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча өкүлдөрү катышып жатат.

Конференция өз ишин эртең, 2018-жылдын 16-ноябрында Бишкекте улантат.

Пикир

Оставить комментарий