• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Исландиянын Ардактуу консулдугу ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарындагы резиденциясы менен Исландиянын Кыргызстандагы элчиси Аурни Тор Сигурдссонду кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Имангазиев Исландиянын Бишкек шаарындагы Ардактуу консулдугунун ачылышы менен куттуктап, мындай кадам кызматташууну активдештирет деген ишенимин билдирди.

Андан соң, ал Кыргызстандын гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча кыскача маалымат берди.

Франция, Швейцария, Италия менен дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу боюнча келишимдерди түзүү эске алып, Исландия менен ушундай эле келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Өз кезегинде, элчи Сигурдссон эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү тармактары, анын ичинде соода тармагындагы мүмкүн болгон кызматашуу боюнча өзүнүн көз карашын баса белгиледи.

Анын айтымында, Исландия тарапта Кыргызстан менен визалык режим азыртадан эле каралып жаткандыгын, ошону менен бирге, аба транспорту жана кош салык салуудан качуу боюнча келишимдерди түзүү маселесин карап көрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында тараптар Исландияда Кыргызстандын Ардактуу консулдугун ачууну талдап жана карап көрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий