• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте IT тармагы боюнча эл аралык көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Бишкекте IT тармагы боюнча эл аралык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Central Asia Games Show 2020" көргөзмөсүнүн директору Илья Ануфриев билдирди.

Анын айтымында, "Central Asia Games Show 2020" эл аралык көргөзмөсү 7-8-февраль күндөрү Бишкектеги "Асанбай" борборунда өтөт.

"Иш-чара Борбор Азиядагы эң ири көргөзмө болот. Анын максаты IT тармагындагы эл аралык адистерди чакыруу, Кыргызстанда кибер коопсуздукту өнүктүрүү, таланттуу программистерди таанытуу" - дейт Ануфриев.

Ал белгилегендей, иш-чаранын башкы өнөктөшү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болууда.

"Central Asia Games Show 2020" көргөзмөнүн алкагында, тактап айтканда, 7-февралда компьютер оюндарынын адистеринин катышуусунда эл аралык конференция өтөт. Ошондой эле иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү болуп чет элдик компанияларды Кыргызстанга инвестиция кылууга кызыктыруу", - деди Ануфриев.

Пикир

Оставить комментарий