• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында Италиянын элчилиги ачылат

Саясат 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кечээ, 9-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга алгачкы расмий иш сапарынын алкагында Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басм сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, италия министри эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин ортосундагы тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Луиджи Ди Майо кыргыз тарапка Римде элчилик ачкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилени олуттуу түрдө жакындатат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле Италиянын тышкы иштер министри италиялык тараптын жакын арада Бишкекте элчилик ачуу ниетин белгиледи.

Өз кезегинде Казакбаев италиялык тараптын бул ниетин жылуу кубаттап, Кыргызстандын ВСП+ макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргыз-Италия инвестициялык фонду Кыргызстанга италиялык инвестиция тартууга түрткү берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий