• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте IV Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму башталды

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. / Кабар/. Бишкекте IV Дүйнөлүк тоо форуму – 2018 башталды. Бул иш-чаранын максаты тоолуу өлкөлөрдү бириктирүү жана жер ысышына байланыштуу чара көрүү.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген окумуштуулар, эксперттер жана өкмөт өкүлдөрү экологиялык катастрофанын алдын алуу, тоо экосистемасын сактоодогу тажрыйбалары менен бөлүштү.

Борбордук Азия аймагындагы мөңгүлөрдү сактоо талкуунун башкы маселесине айланды. Афганистан өкмөтүнүн өкүлү акыркы жылдары өлкөдө мөңгүлөрдүн аянты 13%га азайганын айтты.

Мынданы тышкары ак илбирсти жана ал байырлаган жерлерди сактоого көп көңүл бөлүндү. Айта кетсек, бүгүн Ак илбирсти сактоо күнү белгиленүүдө. Тоо форумунун алкагында кызыл китепке кирген жаныбардын урматына чакан көргөзмө уюштурулган.

Дүйнөлүк тоо форумунун жыйынтыгы боюнча 25-октябрда бир катар резолюциялар жана чечимдер кабыл алынат.

Сүрөт/Роман Гайнанов

Пикир

Оставить комментарий