• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте IV дивизиондо хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 3- 8-март күндөрү Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондо хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, турнирде Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран мамлекеттеринин командалары күрөшөт.

2019-жылга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын курамында үч гана дивизион болуп, ага кирүү укугу үчүн Кыргызстандын командасы 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде ойногон.

Ал эми 2020-жылы Эл аралык хоккей федерациясы төртүнчү дивизионду түзүп, ага Кыргызстан кирди.

Пикир

Оставить комментарий