• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте IV Эл аралык конгресс жана «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий 2020» көргөзмөсү старт алды

Экономика 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бишкекте IV Эл аралык конгресс жана «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий 2020» көргөзмөсү старт алды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Иран, Армения, Грузия жана Россиянын өкүлдөрү катышууда.

Аталган аянтчада региондордогу гидроэлектрстанциялардын курулушу, модерназициялоо жана оңдоп-түзөөгө байланышкан ири долбоорлорду ишке ашыруу жолдору талкууланмакчы.

Иш-чара КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги, КР Улуттук энергохолдинг жана Электр станциялары ишканасынын колдоосу жана катышуусунда өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий