• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте IV Эл аралык TENGRI Music 2018 фестивалы болот

Маданият 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Бишкекте 1-июлда саат 19:00дө Д.Асанов атындагы паркында калаа муниципалитетинин колдоосу менен IV Эл аралык TENGRI Music 2018 фестивалы өтөт.

Көрүүчүлөр үчүн Кыргызстан, Россия, Украина, Азербайжан жана Өзбекстандан келген музыканттар өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ачык асман алдында өтө турган Эл аралык классикалык музыка фестивалы төртүнчү ирээт конокторду кабыл алат. Бул Кыргызстанда жайда өтчү эң ири музыкалык иш-чаралардан. Жыл сайын фестиваль өз кулачын жайып келет. Алсак, 2017-жылы концертке дээрлик 20 миң адам келген.

Пикир

Оставить комментарий