• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бишкекте издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы ноябрда М. аттуу жаран Баткен облусунда 2 кг гашиш сатып, бирок анда кармоого мүмкүн болгон эмес. Кылмышка шектүү Баткен облусунун тургуну 1979-жылы туулган К.А. болгон.

Андан кийин ага издөө жарыяланып, борбор калаадан кармалды. Шектүү учурда камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий