• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте адам уурдоо жана карактоо боюнча издөөдө жүргөн адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Милиция кызматкерлери бейбаштык, адам уурдоо жана карактоо боюнча издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын февраль айында белгисиз адамдар кечке маал Токтогул жана Жаш Гравдия бульварынын кесилишинен 26 жаштагы тургунду күч менен автоунаага отургузуп, ээн жерге алып кетишкен.

Алар акча талап кылышып, жабырлануучуну арматура менен сабашкан.

Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, ал кылмышка шектелип мурда соттолгон жарандар колго түшүрүлгөн.

Кийинчерээк, сот алардын бирөөсүн үй камагына чыгарган. Бирок, 1990-жылы туулган И.А. аттуу жаран соттук териштирүү маалында жашырынып кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ал издөөгө алынган.

Ушул жылдын март айында анын кайсы жерде жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Күн мурун карактоо боюнча изделип жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

ИИМдин маалыматы боюнча, ар бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий