• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте изделип жаткан 11 жаштагы Никита табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан изделип жаткан жашы жете элек Никита табылды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-ноябрда П.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, өзүнүн 11 жаштагы Н.К. аттуу баласын табууга жардам берүүнү суранган. Ал 10-ноябрда саат 10:00дөр чамасында Репина көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра үйүнө кайтып келген эмес.

Аталган факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, издөө жана иликтөө иштери башталган.

Ошентип, 23-ноябрда болжол менен саат 18:30дарда жашы жете элек бала Бишкектеги Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен аман-эсен табылды.

Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете элек баланын коопсуздугу үчүн анын ата-энеси менен түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүп, Н.К. ата-энесине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий