• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кароосуз калган, иштеген жана кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча рейд жүрдү

Коом 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарында кароосуз калган, иштеген жана кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча биргелешкен рейддер уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу рейд Биринчи Май районунда балдар комиссиясынын, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, билим берүү борборунун жана муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Комиссиянын бир күндүк кыдыруусу “Азиз”, “Кудайберген”, “Сары-Өзөн” базарларында болду. Анын жыйынтыгы менен Сары-Өзөн базарына жардам муктаж 1 бала аныкталды. Андан соң, Москва жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Чүй жана Манас проспектилеринде жашы жете элек балдары менен кайыр сурап жүргөн Өзбекстандын жарандары болгон 2 аял аныкталган.

Ала-Тоонун борбордук аянтында түнкү рейд жүргүзүлүп, кароосуз калган 16 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, анын ичинен 7 жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген, 9 жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, жагдайлар жана себептер аныкталганга чейин түнү көчөдө жүргөндүгү такталды.

Кайталануучу фактылардын алдын алуу боюнча балдардын бардык ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бекитилген график боюнча бул иштер улантылат. Жүргүзүлгөн ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен алар райондогу аныкталган балдар жана өспүрүмдөрдү талдап, алардын үй-бүлөсүнө тийиштүү социалдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт.

Бишкек мэриясы балдардын кайыр сураганына күбө болсоңуз, борбор калаалардагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн ишеним телефондоруна кайрылууга болорун билдирет:

- Биринчи Май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Пикир

Оставить комментарий