• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте көчөдө 27 жаштагы кызды ала качты делгендер табыла элек

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишкен. Окуя видеого түшүп калган.

Агенттикке Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 5-апрелде "102" кызматына Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз үч жигит жаш кызды ала качып кетишти деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, 3 белгисиз адам 1994-жылы туулган К.А. аттуу жаранды "Хонда" автоунаасына салып, белгисиз тарапка кетишкендигин аныкташкан.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда кыздын жана белгисиз адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий