• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте көчөдө жүргөндөрдү текшерүү үчүн 410 адамдан турган жөө кайгуул кызматы түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бишкекте көчөдө жүргөндөрдү текшерүү үчүн 410 адамдан турган жөө кайгуул кызматы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, жөө кайгуул кызматы карантиндин тартибин жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында түзүлгөн. "Ар бир каттамга бирден офицер жана экиден сержант бекитилген, алар көчөдө жүргөн адамдарды эмне себептен жүргөнүн текшеришет. Баары жайында болсо, адамдарды үйлөрүнө чейин узатып коюшат. Эгерде абал курчуп кетсе, чектөөлөр дагы да күчөтүлөт”, - дейт Жунушалиев.

Жунушалиев белгилегендей, шаар тургундары жарандык жоопкерчиликти бузуп, карантин боюнча бардык талаптарды аткарбай жатышат.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий