• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте көчөлөрдү жашылдандыруу иштери уланууда (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Өткөн ишемби Бишкектеги Свердлов районунда оңдолгон тилкедеги Мамбетов көчөсүнүн Шабдан Баатырдан Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 117 ири жалбырактуу бактын түрлөрү отургузулган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жашылдандыруу иш-чарасына мэриянын Свердлов району боюнча акими Самарбек Болотбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Адиса Имангазиева, Сейдахмат Исмаилов жана Байсалбек Эргешов жана ошол аймакта жашаган жергиликтүү тургундар катышкан.

Бишкек мэриясы калааны жашылдандырууга кошкон салымы үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет.

«Район көчөлөрүн, бактарды жана эс алуу жайларын жашылдандыруу иштери улантылат”,-деп кабарлашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий