• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте көчөлөрдү жууганга 9 атайын унаа чыкты - мэрия

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Бишкекте күн жылып баштагандыктан, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары шаардын аялдамаларын, жол жээктерин жана көчөлөрдү жуу иштерин улантышууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Абдрахманов, Ибраимов, Киев, Токтогул, Бөкөнбаев, Иваницина, Фрунзе, Москва, Бейшеналиева, Фучик, Рыскулов, Кулиев, Павлова, Үмөталиев, Интергельпо, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Токомбаев көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде, Жаш Гвардия бульварында иштер жүрүп жатат. Шаардын башка көчөлөрүндө да улантылат. Көчөлөрдү жууганга 9 атайын унаа чыкты. Бишкек шаары таң эртеден тартып боюнча “Тазалык” МИнин жана шаардык МАБнын жумушчулары штаттык режимде иштеп жатышат.

Мэрия шаардыктарды шаар тазалыгы үчүн биргеликте күрөшүүгө чакырат. Бишкек шаарын жакшыртуу Эрежелерине ылайык, “Тазалык” МИ көчөлөрдү, аянттарды, эс алуу бактарын, парктарды, бульварларды жана башка аймактарды муниципалдык тапшырык боюнча тазалоо иштерин уюштурууга милдеттүү. Бул техникалык картага, газондорду жана ирригация түйүндөрүн таштандылардан тазалоо документтерине ылайык жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий