• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте күч структураларынын кызматкерлери арасында дзюдо боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Бишкекте Ички иштер министрлигинин "Динамо" спорт комплексинде 17-апрелде милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган күч структураларынын кызматкерлери арасында уюштурулган дзюдо боюнча турнир жыйынтыкталды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, турнирдин жабылышына ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Андан сырткары, Болот Ногойбаевдин уулу Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев, “Динамо” коомунун төрагасынын орун басары Төрөкул Мадалиев сыйлык тапшыруу аземинин күбөлөрү болушту.

Жалпысынан 12 команда катышкан турнирде биринчи орунду ИИМдин Ички аскерлеринин командасы, экинчи орунду УКМКнын 9-кызматынын командасы жана үчүнчү орунду Чүй облустук милициясынын кызматкерлери жеңип алышты.

Жеңүүчүлөргө диплом жана кубок тапшырылды. Андан сырткары, жеке жетишкендиктери үчүн да бир катар кызматкерлер диплом жана медаль менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий