• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте “Көчмөн сыры” эл аралык форуму өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 20.12.22./Кабар/. Кыргыз Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага министрлер кабинетин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти - Азиз Муртазаев, ТҮРКСОЙ уюму, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Улуттук комиссиясы, Орто Азия боюнча кол өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы, КРнын “Кыял” Иш башкармалыгы жана Кол өнөрчүлөр кеңеши катышты.

Маданият министр Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүндө кыргыздын маданиятын, баалуулугун аздектеген уздарга, усталарга,чеберлерге, зергерлерге ыраазычылыгын билдирип, кыргыз элинин дүйнө таанымына ылайык, ар бир кол өнөрчүнүн өзүнүн орду, символикалык мааниси болорун, азыркы өсүп келе жаткан муун кыргыз элинин тарыхы, маданияты-ата-бабадан калган улуу мурастар жөнүндө билүүсү абзелдигин баса белгилеп, “бүгүнкү күндө замандын талабына ылайык, кол өнөрчүлүк өркүндөп – өсүп, дүйнөлүк аренага искусствонун бир бөлүгү катары таанылып, улуттук колоритти сактоосу менен өз деңгээлин жогору көрсөтүп келе жатат. Буга бүгүнкү уюштурулуп өтүп жаткан “Көчмөн сыры” форуму далил”, – деди ал.

Ал эми министрлер кабинетин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө Кыргызстандын ар бир аймагына мүнөздүү болгон улуттук мурастарыбызды өркүндөтүп, аларды дүйнөгө таанытып, келечек муунга калтырууда мамлекет колдойт. Байыртадан көчмөн элибизден сакталып келе-жаткан баалуулуктарын муундан-муунга мурас кылып калтыруу ар бирибиздин милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек, деди.

Форумдун алкагында “Кол өнөрчүлөр мекени” программасынын негизинде Кыргызстандын Ысык-Көл менен Нарын облустарына Ысык-Көл облусу - “Боз үйдүн мекени”, Нарын облусу - “Шырдактын мекени” аттуу макамы тапшырылды.

“Кол өнөрчүлүк тарабында чыккан эң мыкты буюму” программасынын негизинде сынактан өткөн 14 кыргыз чеберлерге Сапат белгиси тапшырылды.

Кол өнөрчүлөр үчүн сыймыктуу сыйлыктарды Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев тапшырды.

Иш-чара кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий