• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте күйүүчү май сакталган үйдөн өрт чыгып, 2 миң 600 чарчы метр аянт күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бишкектин Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган турак үйдөн өрт чыгып, жанында жайгашкан турак үйгө өткөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 12-февраль күнү Биринчи май районунун Тимирязев көчөсүндө саат 20:40 чамасында болгон.

Өрттүн аянты болжол менен 2 миң 600 чарчы метрди камтыган. Каза болгон жана жабыркагандар жок.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 23:28де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий