• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте күйүүчү-майлоочу майдын башаламан сатылышына каршы рейд өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы көчөлөрдө башаламан соода-сатык кылган түйүндөрдөн 350 литр күйүүчү-майлоочу май алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын адистери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, финансы полициясынын, райондун салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Профсоюз көчөсүндө күйүүчү-майлоочу майды башаламан сатуу түйүндөрүн жок кылуу боюнча рейддик иш-чараларды уюштурду.

Белгилүү болгондой, мындан мурда бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай, башаламан соода-сатык кылып, мыйзам бузган ишкерлер кайра өздөрүнүн орундарына келишүүдө.

Бул жолу 320 литр күйүүчү-майлоочу май тартылып алынып, андан ары чара-көрүү үчүн Бишкек шаардык Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, Тоголок Молдо жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен – 15, Бөкөнбаев жана Манас проспектисинин кесилишинен – 3, Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 6 башаламан соода-сатык түйүндөрү жок кылынды.

Мэриядан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий