• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өрттөнүп кеткен күйүүчү май кампасы мыйзамсыз ишкердик жүргүзүп келген – Мамэкотехинспекция

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен кампа күйүүчү жана майлоочу майларды мыйзамсыз сатып жүргөн. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттүн себептери учурда такталууда.

“Кампанын кожоюну үйүнөн күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталды. Мыйзамга ылайык, күйүүчү майлар турак жайлардан жана коомдук жайлардан алыс жайгашып, аларды сактоо да атайын имараттарда жүргүзүлүшү керек”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле учурда укук-коргоо органдары мыйзамсыз күйүүчү май сатуу фактыларын текшерүүнү баштаган. Андан тышкары, атайын комиссия түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий