• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте күйөөсү аялын элдин көзүнчө ур-тепкиге алган, ал арыз жазуудан баш тартты (видео)

Коом 0


Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Бишкекте 30-январда саат 23:00дөр чамасында өтүп бара жаткандар Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү аялын сабап жаткандыгы тууралуу милицияга билдиришкен.

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Ленин райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барган. Келгенден кийин ошол күнү саат 17:30дар чамасында жубайлар достору менен конокко барып, андан кийин жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыккандыгы тууралуу алгачкы маалыматтар алынган. Аялы көчөгө чыкканда күйөөсү артынан келип, ага күч колдонуп, ур-тепкиге ала баштаган.

Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук милициясына каттоого алынган.

Аялы күйөөсү боюнча милицияга жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Азыркы учурда иликтөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий